“Арак жыттанып жатат оозунан”: Митингде укук коргоочу Азиза Абдрасулова кармалды

Бүгүн, 15-ноябрда Бишкекте Ак үйдүн жанында Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы акцияга 15ке жакын адам чогулган. Бирок, милиция кызматкерлери чогулгандарды Максим Горький атындагы бакка барууну суранышты. Тартип сакчылары муну Жогорку Кеңештин имаратынын жанында митинг өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган соттун токтому бар экени менен түшүндүрүштү.

image 13 5 "Арак жыттанып жатат оозунан": Митингде укук коргоочу Азиза Абдрасулова кармалды

Ал эми нааразычылык акцияга келген укук коргоочу Азиза Абдрасулованы милиция кармап кетти.

Милиция кызматкери видеодо айтылгандай, укук коргоочу аны сөккөндүгүн билдирген.