Стамбулдагы жардырууга байланыштуу 46 киши кармалды

Стамбулдун Истиклал көчөсүндө алты адам каза болуп, кеминде 81 адам жаракат алган терактты уюштурууга шектелип, 46 шектүү кармалды. Кармалгандардын санын Түркиянын Юстиция министрлигинин башчысы Бекир Боздаг ачыктаганын Yeni Şafak гезити жазып чыкты.

«Бүгүнкү күндө террордук акт боюнча 46 адам кармалды», – деди министр.

13-ноябрда Стамбулдун борбордук райондорунун бириндеги Истиклал жөө адамдар өтүүчү көчөдө жарылуу болду. Түркиянын Юстиция министрлиги муну террордук акт деп билдирди. Түрк бийлиги кол салууга шектелген адам тууралуу кабарлады. Маалым болгондой, аял трагедия болгон отургучта 45 мүнөттөй отурган. Ал ордунан турганда жарылуу болгон.

Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлунун айтымында, полицияда кол салуунун издери Сирияга алып баргандыгын көрсөткөн далилдер бар.