Экономика министринин орун басары алмашты

Макешов Чыңгыз Дүйшөнкулович экономика жана коммерция министринин жаңы орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, дайындоо тууралуу тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Министр Данияр Амангелдиев жаңы орун басары Чыңгыз Макешовду эмгек жамаатына тааныштырды.

Чыңгыз Макешов 2021-жылы Жогорку Кеңештин депутаты, 2018-жылы КР Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун алдындагы Ишкердикти өнүктүрүү фондунун төрагасы, 2011-жылы КР Ишкерлер союзунун аткаруучу директору болуп иштеген. Ал эми 2014-жылы — Кыргызстан зергерлер ассоциациясынын аткаруучу директору.

Министр ошондой эле соода саясаты башкармалыгынын жаңы жетекчиси Киселева Римма Хаджимуратовнаны тааныштырды.

Киселева 1999-2016-жылдары КР Экономика министрлигинде башкы адистен ЕАЭБ менен иштөө бөлүмүнүн башчысына чейин иштеп, бир топ тажрыйбага ээ. 2017-2021-жылдары Москвадагы Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграцияны өнүктүрүү департаментинде директордун орун басары болуп иштеген.