Дүйнө чемпионатында кыргыз спортчулары 6 медаль жеңди

Бишкекте 11-13-ноябрда өткөн самбо боюнча Дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курамасы медалдык эсепте экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдешке 50дөн ашык өлкөдөн 500дөй спортчу катышты. Жалпы 21 медаль топтому ойнотулду. Таймаштар кыз-келиндер (50 кг, 54 кг, 59 кг, 65 кг, 72 кг, 80 кг, +80 кг) жана эркектер (58 кг, 64 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 98 кг, 98+ кг) арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча болду.

Кыргызстандык спортчулар аталган мелдеште жалпы 6 медаль жеңди. Анын ичинен экөөсү алтын, бирөө күмүш жана үчөө коло байге. Күжүрмөн самбо боюнча Дайыр Карыяев (79 кг) жана спорттук самбо боюнча Бекболот Токтогонов (+98 кг) алтын байгеге татыды. Ошондой эле Феликс Уланбеков (71 кг) күмүш медаль алса, Жамалбек Асылбек уулу (88 кг), Саяк Бараканов (64 кг) жана Бектен Эркебай уулу (88 кг) күжүрмөн самбо боюнча коло медаль тагынышты. Анын негизинде бул биринчиликте Кыргызстан жалпы медалдык эсепте 2-орунду ээледи. Биринчи жана экинчи орунду Эл аралык самбо федерациясынын туусунун алдында чыккан Россия (1-орун) жана Беларусь (2-орун) ээледи.

Чемпионаттын байге фонду 231 миң долларды түзүп, алтын медаль уткандарга 4 миң, экинчи орундагыларга 3 миң жана коло байге алгандарга 2 мин доллардан берилди.

Белгилей кетсек, самбо боюнча Дүйнө чемпионаты Кыргызстанда алгачкы жолу өткөрүлдү.

x315523200 5497102827084202 8545445418672239873 n Дүйнө чемпионатында кыргыз спортчулары 6 медаль жеңди