УТРК жана НТС каналы «Азаттыктын» берүүлөрүн обого чыгарууну токтотту

Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) Биринчи радиосу жана НТС каналы «Азаттыктын» теле жана радиоберүүлөрүн обого чыгарууну 13-ноябрдан тартып токтотту. Биринчи радио техникалык себептерден улам деген жүйө менен «Азаттыктын» берүүлөрүн обого чыгарууну 23-октябрдан баштап токтоткон. Алардын «Азаттыкка» жөнөткөн расмий катында спутниктен сигналды кабыл алган жабдык (UMH 160 R) иштен чыккандыгына байланыштуу берүүлөр обого чыкпай турганы айтылат.

13-ноябрдан тартып «Азаттыктын» теле жана радиоберүүлөрүн НТС каналы жана анын алдындагы «Санжыра» радиосу обого чыгарбай калды. Муну мекеменин жетекчилиги оозеки билдирген жана анын себептерин түшүндүргөн эмес. Эмненин негизинде мындай чечим кабыл алынганы расмий айтыла элек. «Азаттык» НТСтин жетекчилигине кайрылып, соңку жагдай тууралуу расмий түшүндүрмө сурады.

НТСтин жетекчиси Айдай Ивакова 13-ноябрдын кечинде редакция менен байланышып, «Азаттык» радиосунун «уктуруу, көрсөтүүлөрүн силер мамлекет менен маселеңерди чечишмейинче кое албайт экенбиз» деген маалыматты айтуу менен чектелген. Кимден көрсөтмө алганы жана эфирди токтотууга эмне негиз болгону, ал үчүн тиешелүү расмий кагаздын бар-жогун маалымдай албай турганын айткан.

13-ноябрда «Азаттык» Ивакова менен байланышканда «себебин мен деле толук билбейм» деген жооп узатып, маалыматты дүйшөмбү күнү тактап бере турганын билдирген.

«Азаттыктын» таңкы жана кечки радио берүүлөрү «Санжыра» аркылуу 2018-жылдан тартып обого чыгып келген.

Мындан тышкары “Данисте”, “Эже-сиңдилер”, “Азаттык+” жана “Бийлик сырлары” телепрограммалары НТС телеканалынан чыгып келген.