Араванда түнкүсүн ата-энесинин көзөмөлүсүз жүргөн 23 өспүрүм аныкталды

Араван районунун аймагында 9-11-ноябрь күндөрү «Өспүрүм – түн» рейди жүргүзүлгөнүн Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, рейддин максаты – өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу. Ата-энелер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ошондой эле көчөлөр, спорт аянтчалары, эс алуу жайлары, интернет клубдар ж.б. текшерилди.

Жыйынтыгында уруксат берилбеген жерлерде саат 22:00дөн 06:00гө чейин чоңдордун коштоосу жок жүргөн 23 бала жана өспүрүм аныкталды.