Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлык Чыңгыз Айтматовго ыйгарылды

Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлыгы Өзбекстандын сунушу менен залкар жазуучу, маркум Чыңгыз Айтматовго ыйгарылды. Бул тууралуу саммиттен соң брифинг учурунда Өзбекстандын тышкы иштер министри Владимир Норов билдирди.

Сыйлык кыргыз президенти Садыр Жапаровго берилди. Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев аны Айтматовдун жакындарына тапшырып коюну өтүнүп, салам жолдоду.

Түрк дүйнөсүнүн биримдигине кошкон салымы үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун эл аралык Алишер Навои атындагы сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө чечим өткөн жылы Түркияда өткөн саммитте кабыл алынган. Сыйлык быйыл биринчи жолу берилип жатат.

Өзбекстандын Самарканд шаарында Түрк мамлекеттери уюмунун (ТМУ) 9-саммити өтүп жатат.

ajtmatov Алишер Навои атындагы эл аралык сыйлык Чыңгыз Айтматовго ыйгарылды