УКМК террористтик топтун активдүү кызматкерин кармады

УКМК террористтик ячейканын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, деп билдирет 11-ноябрда УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында эл аралык террористтик уюмдарды каржылоо жана жасалма документтерди берүү менен алектенген өзүнчө террористтик ячейкалардын ишмердүүлүгү аныкталып, бөгөт коюлду.

Кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн атайын иш-чаралардын жыйынтыгында тыюу салынган эл аралык “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жана “Жихад тобунун” (“Ислам жихады биримдиги”) мүчөлөрүнө акча каражаттарын которуу фактылары жана ошондой эле 2016-жылдын август айында Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин аймагында болгон террордук актынын уюштуруучулары аныкталган.

Мындан тышкары, террористтик уюмдардын согушкерлерине жасалма паспортторду даярдоо үчүн Кыргызстандын жарандарынын жалпы паспортторун (уурдалган/жоголгон же күрөө менен калтырылган) Түркияга өткөрүп берүүнү ырастоочу экендигине маалымат алынган.

Ушул жылдын 10-ноябрында террористик иш-чаранын жүрүшүндө террористтик топтун активдүү кызматкери, КР жараны «Б.Э.А.» кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда террористтик ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Тергөө иштери жүрүп жатат.

image 10 1 УКМК террористтик топтун активдүү кызматкерин кармады