Ысык-Көлдүн тургуну мурунку аялын бычактап өлтүрүп, өзүнө кол салды

Каракол шаарындагы соода борборунда эркек киши мурунку аялын өлтүрүп, өз жанын кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 9-ноябрь күнү саат 17:08де Каракол шаардык ИИБнын нөөмөт бөлүмүнө 112 тез жардам кызматы тарабынан «Кумтөр» соода борборунда эркек киши аялды бычактап салганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге дароо Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жана шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам топтору жөнөтүлгөн.

“Ак-Суу районунун 35 жаштагы тургуну К.Э. соода борбордо мурдагы жубайы, Жети-Өгүз районунун 30 жаштагы З.Ж. аттуу тургуну менен сүйлөшүү учурунда чыр чыгып, ал киши аялын жана өзүнө бычак сайган. Аял алган жараатынан ошол жерден каза болуп, эркек киши оор абалда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына жеткирилген”, — деп айтылат маалыматта.

Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, кылмыш болгон жерден буюм далили катары ашкана бычагы алынган.