Чек ара кызматынын аскери каза болду

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 2022-жылдын күзгү чакырылышынын аскер кызматкери А.Т. саат 5:45те дене табы көтөрүлүп, тамак оорусуна арызданып аскер бөлүктүн медициналык пунктуна кайрылган.

Аскердик бөлүктүн медициналык госпиталына жаткырылган. Саат 15:00 чамасында жоокердин ден соолугу кескин начарлап, анын алдында ооз көңдөйүнөн бир жолу ашказанынан кан кеткен. Ал дароо тез жардам кызматын чакырып, келген маалда анын каза болгонун аныкташкан.

Окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн тиешелүү органдарга маалымат берилип, иликтөө иштери башталды.

Аскер кызматкеринин өлүмү боюнча объективдүү иликтөө жүргүзүү максатында экспертиза жүргүзүлүп, ага Аскердик прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Экспертиза жыйынтыгын алуу үчүн Бишкекке жөнөтүлдү.