3 айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм бала табылды

Жалал-Абад шаарында милиция августтан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү таап, ата-энесине өткөрүп берди. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, шаардык ички иштер бөлүмүнө 1979-жылы туулган М.А. аттуу тургун кайрылып, август айынын ортосунда 2008-жылы туулган уулу белгисиз тарапка качып кеткен бойдон дайынсыз экендигин билдирген.

Бул маалымат Жалал-Абад милициясы тарабынан каттоого алынып, дайынсыз болуп жаткан өспүрүмдү издөө иштери башталган. ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекция тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында 14 жаштагы бала Ош шаарында жүргөндүгү аныкталган. Ал Жалал-Абадга алынып келинип ата-энесине өткөрүлүп берилди.

Баланын табылганына жакындары кубанып, милицияга ыраазычылык билдиришип, жакшылыктар болуусун тилек кылышты.

2 11 3 айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм бала табылды
1 15 3 айдан бери дайынсыз болуп жаткан өспүрүм бала табылды