Кара-Балтада жүк ташуучу унаа күйүп кетти

Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 10-ноябрга караган түнү оор жүк ташуучу унаа күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа күйүп жатканы тууралуу маалымат болжол менен түнкү саат 01:49да келип түшкөн. Өрт саат 02:07де чектөөгө алынып, 02:14тө толук өчүрүлгөн.

xscreenshot 25 Кара-Балтада жүк ташуучу унаа күйүп кетти

Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.