Ири өлчөмдөгү баңгизат менен эки жаран кармалды

Сокулук районунан ири партиядагы баңгизат менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, милицияга Чүй облусунун Сокулук районунун аймагында жашаган жарандар баңгизаттарды сатуунунун туруктуу каналын түзүп, өздөрү дагы колдонуп жана сактап жүргөндөрү боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Бул факты Сокулук РИИБи тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам иликтөө иштерин ИИМдин КИББдин 3-башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облусу боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмчөсүнүн ыкчам кызматкерлери жүргүзүшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында шектүүнүн бири жашаган Сокулук районунун айылдарынын бириндеги үйгө кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлүп, баңгизат табылып алынган. Тактап айтканда, уктоочу бөлмөдөн жана короодо баштыкка оролуп катылган өзгөчө кескин жыты бар зат табылган.

Милициянын маалыматына караганда, табылып алынган зат каннабис чайыры (афган чарсы) экени аныкталып, жалпы салмагы 863 граммды түздү. Андан сырткары, 30 грамм апийимдин суюктугу табылды.

Аныкталган фактыларга байланыштуу мурда козголгон кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүнө өзгөртүлдү.

«Бул кылмыш ишине шектүү катары кармалган 1989-жылы туулган Ж.Б. менен С.А.ларга карата Сокулук райондук сотунун чечими менен эки айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо боюнча бөгөт чарасы тандалган. Кармалган жарандардын бири Ж.Б. алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн», — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.