Чолпон-Ата шаарына калың кар түштү

Буга чейин Кыргызгидромет өлкө аймагында 8-9-ноябрь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт, деп маалымдаган.

Абанын температурасы төмөндөп, мезгил-мезгили менен жаан жаап, айрым райондордо жаан-чачын катуу жаашы, ал эми тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп жаткан.