Болот Назаров ат уурдоого шектелип жатат

Төкмө акын Болотбек Назаров үч күндөн бери дайынсыз. Бул тууралуу акын жана публицист Олжобай Шакир билдирди.

Анын айтымында, ал телефон жана тааныштар аркылуу да байланышка чыкпай жатат.

“Үч күндөн бери кабар жок үчүн коомчулукка болгон иштин учугун чыгарып турганды оң көрдүк. Себеби, бири аны  “Беловодскийде милиция камап коюптур», «Аны тойго чакырткандар алдына ат мингизишип, анан ошол ат эртеси уурдалган болуп чыгыптыр.  Болгондо да аны Болот Назаров уурдап алган имиш”, — деди Олжобай Шакир.

Эске салсак, Назаров 2022-жылдын  22-январь күнү, милиция тарабынан журналист Болот Темиров менен бирге кармалган.

ИИМ маалымдагандай, КР Жазык кодексинин 283 («Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоо») жана 287-беренелерине («Баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды колдонууга жакын») ылайык кылмыш иши козголгон.

Nazarov B Болот Назаров ат уурдоого шектелип жатат