Сот Перизат Суранованы кармалышын мыйзамдуу деп тапты

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык соту жарандык активист Перизат Суранованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

«Тергөөгө ишеним көрсөткөн жокмун. Жалпы процесс, тинтүү, кармоо баардыгы мыйзамсыз болду», — деди Суранова.

Ал эми Перизат Суранованын баш коргоо чарасы бүгүн саат 17:00дө каралат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 24-25-октябрь күндөрү башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган 20дан ашык саясатчы жана активисттин бөгөт чарасын карап, баарын эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Алар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда. Бирөө ден соолугуна байланышуу үй камагына чыгарылган.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камакка алынган. Алар «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүп жатат.