Бишкек шаарында жеңил унаа оодарылып кетти. Бул тууралуу маалымтты Милициянын кайгуул кызматынан тастыкташты.
Маалыматка караганда, жол кырсык 9-ноябрга караган түнү А.Токомбаев көчөсүндө болгон. Анда Foton үлгүсүндөгү унаа оодарылып кеткен.

Айдоочу рулга ээ боло албай калган. Кырсыктан эч ким жабыркаган эмес. Унаа айып аянтчасына токтотулган.
Жүргүзүлгөн текшерүүдөн соң айдоочунун алкоголдук ичимдик ичпегендиги тастыкталган. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.