7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү. Сандар жана фактылар

Бүгүн, 7-ноябрь – маалымат жана басма сөз күнү. Быйыл кыргыз журналистикасына 98 жыл толду. Улуттук статистика комитетинен басма сөз күнүнө карата учкай маалымат.

7-ноябрь жалпыга маалымдоо каражаттарынын, полиграфия өнөр жайынын, радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары Кыргызстандын өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен 1924-жылдын ноябрь айында «Эркин-Тоо» улуттук гезитинин кыргыз тилинде биринчи санынын жарык көрүшүнүн урматына белгиленген. «Эркин-Тоо» 1927-жылы «Кызыл Кыргызстан», 1965-жылы «Советтик Кыргызстан» деп аталып, 1991-жылы эгемендик алгандан кийин «Кыргыз Туусу» болуп өзгөргөн.

Республиканын дагы бир эски басылмасы – 1925-жылы негизделген жана орус тилинде чыккан «Слово Кыргызстана» гезити. Анын биринчи саны «Батрацкая Правда» деген ат менен жарык көргөн. Андан кийин  «Крестьянский путь» деп аталып, 1927-жылы «Советтик Кыргызстан» деп өзгөргөн. 1991-жылдын февраль айынан бери ал «Слово Кыргызстана» деп аталып келет.

«Бул гезиттер түзүлгөн алгачкы күндөрдөн тартып эле ондогон жылдар бою республикада болуп жаткан процесстерди чагылдырган коллективдүү үгүтчү, жалындуу пропагандачы жана массанын уюштуруучусу болушту. Алар сабатсыздыкты жоюу үчүн күрөшүүгө, калк арасында агартуу иштерин жүргүзүүгө, улуттук адабиятты жана журналистиканы өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошушту. Гезиттерде республиканын белгилүү илимпоздорунун, мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин макалалары жарыяланган», — деп белгилейт Статистика комитети.

Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматы боюнча, 2022-жылдын башында республикада жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган 1,8 миң чарба жүргүзүүчү субъект болгон. Акыркы беш жылдын ичинде алардын саны дээрлик 12 пайызга көбөйгөн. Алардын катарында «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана», «Эркин-Тоо», «Вечерний Бишкек», «Кут-билим», «Супер Инфо», «Автогид» жана башка гезиттер бар. 170тен ашык телерадиокомпания иштеп келет.

«Кыргызстанда китеп басып чыгаруунун калыптанышы жана өнүгүүсү ХХ кылымдын 20-жылдарынын ортосунда башталган, ал мезгилде республикада улуттук жазуунун жана кыргыз тилиндеги биринчи басма сөз органдарын түзүү процесси негизинен аяктаган мезгил эле. Көркөм тексттерди, китептерди кыргыз тилинде басып чыгуу улуттук китеп басмасы түзүлгөнгө чейин эле болгон, бирок алар Кыргызстандан тышкаркы жактарда басып чыгарылып келген», — деп билдирет Статистика комитети.

1925-жылы Пишпек шаарынын басмаканасында 8 аталыштагы китеп басылып чыккан. Ошол эле жылы 30 аталыштагы китеп жалпы тиражы 100 миң нускада Москва, Ташкент жана Пишпек шаарларында жарык көргөн.

«1926-жылы Кыргыз мамлекеттик басма иштер башкармалыгынын биринчи жыйынында «Кыргызмамбас» («Киргосиздат») басмаканасы негизделген. Алгачкы жылы анда 26 аталыштагы китеп дээрлик 66 миң нускада басылып чыккан. 30-жылдары Ата Мекендик китеп басып чыгаруу өз өнүгүүсү кыйла жакшырган, бул китеп басып чыгаруунун өндүрүштүк-техникалык базасынын өркүндөп-өсүшү менен шартталган. 60-80-жылдары китеп басып чыгаруу ишмердиги негизинен «Кыргызстан», «Мектеп», «Илим», «Адабият» басмаканалары тарабынан жүргүзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

2021-жылы жалпы тиражы 800 миң нуска менен 685 аталыштагы китеп жарык көргөн, алардын 54%га жакыны кыргыз тилинде болгон. Андын тышкары, 2021-жылы 29 журнал, анын ичинен үчөөсү кыргыз тилинде, жылдык тиражы 72 миң нуска менен басылып чыккан.