Кыргызстанга Германиядан кечээ учуп келген Өмурбек Текебаевди ИИМге суракка алып кетишти

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаевди Бишкектеги ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына суракка алып кетишти. Бул маалыматты саясатчынын адвокаты жана жакыны Искен Афиджанов тастыктады.

Сурактын себеби азыоынча ачыктала элек.

Саясатчынын жакындарынын айтымында,  Өмүрбек Текебаев Германиядан Кыргызстанга кечээ күнү кечинде учуп келген. Анын келишинин башкы себеби “Ата-Мекендеги” партиялаштары менен жолугушуу иш-чарасы болушу ыктымал.

ИИМдин басма сөз кызматы азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.