Журналист Санрабия Сатыбалдиева 48 саатка кармалды

Бишкекте журналист Санрабия Сатыбалдиева кармалды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, кыздын боюнда бар жана боюнан түшүп калуу коркунучу болуп тез жардам кызматы чакырылды. Бирок ага карабай 48 саатка убактылуу кармоочу жайга камалды.

Кошумчалай кетсек, Азиза Абдирасулованын айтымында, оператор Калыс Аширбеков Ички иштер министрлигинин тергөө кызматында сурак берип жатат. Журналист эмне үчүн кармалганы белгисиз.

ИИМ бул тууралуу расмий маалымат азырынча бере элек.