Санрабия Сатыбалдиеванын камалышы боюнча журналист Баяна Кулова өзүнүн чындыгын айтты

Журналист Санрабия Сатыбалдиева Баяна Кулованын арызынын негизинде кармалганын депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында буга чейин Баяна Кулова Санрабия Сатыбалиевага 2 миң доллар акча берген. Кийин дагы 2 миң доллар талап кылган. Баяна Кулова депутат Шайырбек Ташиевдин видеотасмасын өчүртүп коюу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, акча берген.

Мындай кадамды Тазабек Икрамов «атайын уюшулган иш» деп баалайт.

Ал эми Баяна Кулованын Фейсбук баракчасына бул чуулгандуу иш боюнча төмөнкүлөрдү билдирген:

“Так Санрабия Сатыбалдиева боюнча….

Жашырбайм, кесиптешим, аны каякка катайын. Бирок депутат Тазабек Икрамовдун мени күнөөлөп “типа мен Санрабияны Ташиевдерге болушуп карматып койгондой” берген интервьюсу акылга сыйбайт!!!!

Мындан бир жума мурун депутат Шайырбек Ташиевдин кафеде олтурганда сүйлөгөн сөзү интернетке чыгып укмуш талкуу болуп кетти. Обычно ушундайда жакшы сүйлөп эле өчүртүп коёбуз. Анан акча алып бер акелериңден мен кетем чет өлкөгө дей баштады. Болгондо дагы оозун толтуруп өчүрүп коюу үчүн 10 миң АКШ долларын сурады!! жок мындай кылба десем болбойт. Өзүм дарылануума акча таппай жүрсөм каяктагы мынча акча?!!! Деги эле ушунча акчаны ким кармайт азыркы заманда?

Азыраак берүүгө көнбөдү. “Мен чет өлкөдөмүн, кетем тез табыңыз, акелериңизден алып бериңиз, алар менен сиздин байланышыңыз бар, болбосо мен баарыңарды шерменде кылып салам”-деп желкелей баштады. “Сени каматып менин жан дүйнөм ооруп калат, кой иним”-дедим. Себеби ал мага иниңиз болом Ташиевдерден кордук көргөм. Эгер акчаны бербесеңиз мен сиздин да аудиолорду чыгарам дей баштады. Мен аны эркек бала экен, бул кайдан чыккан кыйын болду экен деп укук коргоо органдарына кайрылдым.

Анан эле кечинде күнөөлүүлөрдү кармаган соң Санрабия чыгып калды. Болгондо дагы дал ушул “Айтам баарын”-деген акаунтту колдонуп менден акча алып жатыптыр. “Эже, коопсуздук үчүн курьерди мен чакырам сизге”-десе мен милицияларга силердин мурдагы сотрудник окшойт аябай сактанып атат деп урушуп жүрөм алар менен. Же мурдагы укук коргоо кызматкери же түрмөдө олтурган бирөө дегем…..

Жок, болгондо дагы Санрабия чыгаары түшүмө кирген эмес!!! Ал укук коргоо органдарына мени менен жазышканын айтып акаунтту ачып көрсөтүптүр. Мен кантип эле ушул кош бойлуу аялды каматып ийүүгө эрким жетсин, менин да Кудайдан балалуу болоюн деген үмүтүм бар. Болгондо дагы Санрабияны эстесем дагы деле ишенбей олтурам.

Эми арызды алып, акчалар берилген соң үй камагына чыгартып коёюн, окуя жабылып кетсин деп фактыларды чыгарбай атсам мени каралоо башталдыбы?

Мен главно Кудайдын алдында акмын !! Санрабия чыгып калат деп ойлогон эмесмин, азыр дагы берки Калыс сатып койдубу деп ойлоп атам. Антти дейин десем акчалардын баарын менден курьер аркылуу өзү алып, анын баарын кайра моюнуна да алыптыр милицияларга. Менин ичимден кан өтүп кетти анын атын укканда. Түндө калчылдап милиция жигиттердин жанында ыйлап турдум, мага керек беле ушул?

Кесиптешимди каматып ийип Ташиевди коргоюн деген ойдон аябай алысмын. Санрабия чыгып калаары оюма келбеген, дагы кайталайм. Чыгып калса кантейин, укук коргоо органдары кош бойлуугун эске алат деп ишенем.

Болгону мени, жанымда жүрүп бир борбор калаада жашап атып алдаганы чындап каттуу тийди. Капа болдум, кош бойлуу аял бактылуу болуп үйдө олтурса болбойт беле.

Укук коргоого кайрылбайын деп миллион жолу аракеттенип кой болду деп түртүп аттым окуяны. Өзүм дарыланууга жөнөп атканда жөн кетейин деп алдастап блоктосом болбой телефонума чалып коркутуп түрлүү сөздөрдү айта баштады. Мени менен бир гана эркек бала сүйлөшүп атты, ошого мен эркек бала го же түрмөдөгү адам дегем….

Ташиевдер менин коргоомо муктаж эмес жана коргобойм. Өзүмдү шантаж кыла баштаганда чындап ачууландым. Мен мындай акча жасоого түп тамырынан каршымын, жакыным болсо дагы камакта жатуусун талап кылам!!

Кош бойлуулугун аяп арызымды алайын десем коркутуулар башталып кетти. Эсиңерде болсун мен жалгыз АЛЛАХТАН ЭЛЕ КОРКОМ!!

314386966 3310631939151331 1636600420363041795 n Санрабия Сатыбалдиеванын камалышы боюнча журналист Баяна Кулова өзүнүн чындыгын айтты
314453877 3310631809151344 6381787886698276593 n Санрабия Сатыбалдиеванын камалышы боюнча журналист Баяна Кулова өзүнүн чындыгын айтты
314549335 3310631912484667 7254134677818153906 n Санрабия Сатыбалдиеванын камалышы боюнча журналист Баяна Кулова өзүнүн чындыгын айтты
314405542 3310631799151345 5563775596058575977 n Санрабия Сатыбалдиеванын камалышы боюнча журналист Баяна Кулова өзүнүн чындыгын айтты
314349619 3310631822484676 6426821505118266928 n Санрабия Сатыбалдиеванын камалышы боюнча журналист Баяна Кулова өзүнүн чындыгын айтты
314483353 3310631812484677 3893123798429925663 n Санрабия Сатыбалдиеванын камалышы боюнча журналист Баяна Кулова өзүнүн чындыгын айтты
314383476 3310631909151334 68339858304016624 n Санрабия Сатыбалдиеванын камалышы боюнча журналист Баяна Кулова өзүнүн чындыгын айтты

Эске салсак, камакка алынган кош бойлуу журналист Санрабия Сатыбалиева өзүнүн кармалышы боюнча комментарий берип, ИИМ тараткан маалыматта Шаирбек Ташиевдин да аты жазылуусу керек болчу деп билдирди.

Сатыбалдиеванын айтымында, учурда тергөө иштери жүрүп жатат, андыктан баарын айта албайт. Ошол эле учурда ал пресс-релизде УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин жана бир тууганы Шаирбек Ташиевдин аты аталышы керектигин айтты.

«Мен тергөө үчүн унчукпай турам, чыккандан кийин баарын айтам», — деди Сатыбалдиева.

Буга чейин, журналист Санрабия Сатыбалдиева жана оператор Калыс Аширбековду кармалышы боюнча ИИМдин басма сөз кызматы маалымат тараткан. Ага ылайык, күч органдары 3-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынан “системалуу түрдө акча опузалаган бир катар жарандарды” эки миң доллар каражат алып жатканда кармаган. Шектүүлөр депутаттарды “2016-2017-жылдагы аудиожазуулар менен шантаж кылганы” айтылган.