ИИМде тогуз айдын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

Ички иштер министрлигинде 2022-жылдын тогуз айынын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

 2022-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. 
     Коллегияга ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбеков, министрдин орун басарлары, борбордук аппараттын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын, кызматтарынын башчылары, облустук, шаардык ички иштер башкы башкармалыктардын, башкармалыктардын жана райондук бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.
   Жыйындын негизги темасы катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын 2022-жылдын тогуз айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу маселе каралды. Андан сырткары  санариптештирүүнү өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иш -аралар жана натыйжалар жөнүндө, жайкы туристтик сезон учурунда көрүлгөн коопсуздук чаралары, элге сервистик тейлөө көрсөтүүнүн сапаты, жол кыймылынын коопсуздугу жана жарандардын арыз-билдирүүлөрүн өз убагында кароо жана алардын чечилишинин сапаты жөнүндө маселелер талкууланды.

Министрликтин бүгүнкү өтүп жаткан коллегиясында ички иштер органдарынын 2022-жылдын тогуз айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана санариптештирүү багытында аткарылган иштер боюнча талдоо баяндаманы министрдин биринчи орун басары Адыл Бийбосунов менен министрдин орун басары Суюнбек Ниязбеков жасады.
2022- жылдын 9 ай аралыгында республика боюнча 36 миң 696 кылмыш иш козголгон. Алардын ичинде 34 миң 226 кылмыш ички иштер органдарында козголгон, бул кылмыштардын жалпы санынын 93,3 % түзөт. Быйыл козголуп, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ичинен 18 миң 259 фактысынын, же 56,1% бети ачылган. Сот органдарына 14.124 кылмыш иши жиберилди.
Коллегияда ички иштер министри Улан Ниязбеков Ички иштер органдарынын 2022-жылдын тогуз айынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнө кеңири токтолду. “Ички иштер органдарына-элдин коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча негизги милдеттер жүктөлгөн.
Милиция кызматы бир кылымга жакын убакыттан бери өлкөнүн ички коопсуздугун сактап, жарандардын бейпил жана жай турмушун камсыздоо милдетин аткарып келе жатат. Биздин кызмат ушул убакка чейин жогоруда аталып өткөн эки багытта иш жүргүзүп келген болсо, азыркы учурдагы милдеттер замандын талабына ылайык барган сайын күчөп, өсүүдө. Мына ушул маанилүү учурларды эске алуу менен, эски ыкмалардан арылып, жаңы заманбап чакырыктарга жараша ишмердикке өтүп, элдин коопсуздугун камсыздоону колго алдык.
Бүгүнкү милиция өзүнүн жалпы ишмердигин элдин талабына жараша жаңылап, алдыга карай маанилүү кадамдарга багыт алды. Эң башкысы “Кыргыз милициясы” элдин ишенген таянычы жана коомдун туруктуу тиреги болуп кала берет. Күнүгө өзгөрүп жаткан коомдук турмушта, жарандардын коопсуздугун сактап, ыкчамдыкты, сапаттуулукту жогорулатуу үчүн жаңы технологияларды ишке киргиздик. Коомдун талабына жараша мыйзамдарды, кодекстерди, ченемдик-укуктук актыларды иш жүзүнө ашырууга жетиштик.
“Элдик милициянын” жаңы образын чагылдырган сервистик тейлөөнү калыптандырып, өз кесибин жакшы билген ар тараптуу жана сапаттуу кадрларды коомго тартуулоону уюштурдук. Карапайым калктын турмуш-тиричилигинде күнүгө орун алып жаткан көйгөйлөрдү чечкенге жана көмөктөшүүгө жаңы иш-милдеттерди киргиздик. Бул иштердин негизги максаты – коркунучу жок жашоо шартын түзүп, өлкөбүздө жашаган жарандар өздөрүн коомдук жайларда, көчөлөрдө жана кайсы жерде гана болбосун ээн-эркин сезүүсүн калыптандырууга карата шарттарды бириктирип, “Коопсуз мамлекет” баскычына чыгуу болуп эсептелет.
Ушул максатка жетүү боюнча 9 айда бир катар иш-чараларды ишке ашыра алдык. Алардын негизгилерине токтолуп өтсөм: Башка бир дагы мамлекетте жок “Милициянын көчмө кабылдамалары” шаар-райондордо 58 жерде эл менен тыгыз байланышта иш алып барууда. Алыскы аймактардан шаарлардын борборлоруна келип, узак кезек күтүүлөргө чекит коюу үчүн 41 жерде “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүү ишмердигин калыптандырдык.


“Унаа” мекемесинин ишмердигин жаңылап, видео-камераларды орнотуп, айдоочулук күбөлүк алуу тартибин катаалдаштырдык. Бүгүнкү күндө, айдоочулук күбөлүк алуу үчүн автомектептерди аяктаган жарандардын 21% гана күбөлүктөргө ээ болуп, калган 79% жол эрежесин так билбегендиги үчүн экзамендерден өтпөй калган.
Өлкөбүздүн түштүк аймагында жашаган жарандардын арасында “Унаа” мекемесине тиешелүү маселесин жеринде чечип, ыкчам тейлөө процедурасын иш жүзүнө ашыруу үчүн, Кара-Суу шаарына “АвтоЦОН” пунктун ачып, ишке киргиздик. Бул тармактын ишмердигин дагы күчөтүшүбүз керек.


Элдин чакырууларына ыкчам чыгып, муктаж болгон жарандарга сервистик тейлөө көрсөтүп, кылмыштуулукту жана укук бузууларды аныктап, алдын алуу боюнча жыл башынан бери 125 автоунаа, 140 ашык байланыш каражатын, 200 ашык орг.техника, учкучсуз учуучу жана дрон аппараттарын алып, ишке киргиздик.
Кызматкерлерге иш үстүндөгү шарттарды түзүп, милицияга кайрылган жарандарга ыңгайлуу мүмкүндүктөрдү жаратуу боюнча 22 объектини куруп ишке киргизип, 40 объектини оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, азыркы учурда дагы 15 объектиде оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кийинки жылы дагы 37 объектиге курулуш жана оңдоо иштерин жүргүзөбүз.
Кылмыштуулукка, ар түрдүү тартип бузууларга бөгөт коюп, каттоодо турган жарандар арасында алдын алуу иштерин күчөтүү максатында, электрондук маалыматтык базаны түзүп, “Административдик аймактын паспорту” аталыштагы жаңы программаны иштеп чыктык. Ар бир участкалык инспектор өзү тейлеген аймактагы маалыматтарды планшет аркылуу базага киргизип, ишмердиктеги ыңгайлуу шарттарды жаратат.
Күнүмдүк жумушту санариптештирип, кылмыштуулукту, резонанс жараткан окуяларды жана одоно тартип бузууларды болтурбоо боюнча коомдук жайларга, көчөлөргө, кооптуу деп эсептелген аймактарга 2 миңден ашык видео-камераларды орноттук. Видео-камераларга күнү-түнү мониторинг иштерин жүргүзүү үчүн, Коомдук коопсуздук кызматына “Координация борборун” түзүп, ишке ашырдык.

WhatsApp Image 2022 11 04 at 12.41.04 ИИМде тогуз айдын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды
  • Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, 9 ай аралыгында жалпы кылмыштуулук 48%га азайып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12%га, алдамчылыктар 23%га, коомдук жайда жасалган кылмыштар 18%га төмөндөгөн. Жол кырсыктары 8% азайып, каза болгондор 21%, жаракат алгандар 5% төмөндөгөн.
  • Мониторинг ишинин жардамы менен жалпы 2 миңден ашык кылмыштарды болтурбай алдын алууга үлгүрдүк. Бул көрсөткүчтөрдү жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжалары деп айтсак болот. Андан тышкары:
  • Үй-бүлөлүк зомбулукка каршы профилактикалык иштерин күчөтүү үчүн, Ички иштер министрлигинде зомбулуктарга каршы иш алып баруу боюнча бөлүмүн ачканбыз. Пропаганда иштерин уюштуруунун жыйынтыгында, үй-бүлөлүк зомбулук кылмыштары 13%, зомбулуктан жабыр тарткан адамдардын саны 15% азайган. Чет элден келген жарандарга жеринде сервистик тейлөө көрсөтүү үчүн жана экологиялык ар түрдүү мыйзам бузууларга бөгөт коюу максатында Ысык-Көл облусунда Туристтик-экологиялык кызматын ишке киргиздик.
  • Натыйжада, чет элден келген эс алуучуларга сервистик тейлөө көрсөтүп, экологияны бузууга жана зыян келтирүүгө байланышкан 150 ашык кылмыш фактылары аныкталган.
  • Санарип тутуму аркылуу уюшкан кылмыштуулукту, экстремизм, мыйзамсыз миграция, кылмыштуу кирешелерди, уурулук, каракчылык, тоноочулук, баңгикылмыштарын аныктоо үчүн атайын IT бөлүмдөрүн түздүк.
  • Заманбап ишмердиктин натыйжасында 9 айда өндүрүштө турган кылмыштардын бетин ачуу 12% жакшырган.
  • милицияга жардам сурап кайрылган жарандарга шарт түзүү, элге сервистик тейлөө көрсөтүү, санарип тармагын өнүктүрүү боюнча дагы кошумча 10 программаны ишке ашыруунун үстүндө эмгектенип жатабыз. Жалпылап айтканда 9 айда аткарылган иш-чаралар – элдин коопсуздугун камсыздоого, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө, жаңы метод менен ишмердик алып барууга арналды”-деди Улан Ниязбеков.
WhatsApp Image 2022 11 04 at 12.41.04 1 ИИМде тогуз айдын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды
WhatsApp Image 2022 11 04 at 12.41.05 ИИМде тогуз айдын ичиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылды

ИИМдин Басма сөз кызматы