Чыңгыз Макешов министрдин орун басары болду

Чыңгыз Макешов экономика жана коммерция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңештин «Ата Журт — Кыргызстан» фракциясы менен «Мекенчил» депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында белгилүү болду.

Алдын ала маалымат боюнча, Макешов Вероника Исаеванын ордуна келди. Макешов өткөн жылы «Ынтымак» партиясынын атынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан.