Элдик курултайдын күн тартиби бекиди

Элдик курултайды уюштуруу комитети 3-ноябрда жыйынга чогулуп, курултайдын күн тартибин бекитти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Ага ылайык, буга чейин жер-жерлерде уюштуруу маселелери, делегат шайлоого байланыштуу бир катар жыйындар болду. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жана чет өлкөлөрдөгү мигранттар арасынан делегат шайлоого байланыштуу жыйын 5-ноябрда өтөт.

“Курултайдын максаты – президенттин эл менен түз байланышуусу, анда делегаттар менен пикир алмашат. Мурдагыдай даярдалган “дүжүр” делегаттар болбойт. Бийлик менен элдин ортосунда эки тараптуу байланышты түзүү жана өлкөнүн өнүгүүсү боюнча берилген өзөктүү сунуштарды эске алуу менен мындан ары кадам таштоо”,- деген мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов.

Маалыматта курултайда делегаттардын суроолору каттоого алынып, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулукка жарыяланары белгиленген.

“Аймактардан шайланып келген 1074 делегаттын суроо-талаптары, сунуштары жерде калбайт. Курултайда берилген сунуштар, каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат. Чечим мамлекеттик бийлик бутактарына, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуш иретинде жиберилет”,- деп көрсөтүлгөн.

Президент Садыр Жапаров 16-августта “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда 25-ноябрда Бишкекте биринчи элдик курултай чакырылары жазылган. Жарлыкка кол койгон күнү мамлекет башчы курултай тууралуу пикирин Фейсбуктагы баракчасына жазып, анда бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин жана бийлик делегат тандоого кийлигишпесин билдирген.

Курултайга бир миңден ашык делегат катышары айтылган.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек.