Депутат Жеңишбек Токторбаев малга салык киргизүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев малга салык киргизүүнү сунуштады, анткени анын пикиринде айылдардын жашоо деңгээли шаардан кем эмес.

«Айылдардын жашоо деңгээли жакшырды. Ар бир үй-бүлөдө экиден үчтөн унаа бар, ар бир үйдө шаардагыдай шарт бар. Жылкылардын орточо баасы 70 миң сомдон 100 миң сомго чейин, ири мүйүздүү малдын баасы 60-80 миңге чейин, ал эми койдун баасы 12 миңден 17 миңге чейин болуп жатат.

Эгер салык киргизип, койго бир жылына 100 сомдон, ири мүйүздүү малга 250 сомдон, жылкыга да 250 сомдон кыла турган болсок бир жылда ошол айыл өкмөтүбүздүн бюджетине 1,5 млрд сом каражат түшөт», — деди ал.

Ал кошумчалагандай мындай ыкма менен жергиликтүү бийликтер жогору жактын акчасын күтпөй иштерин кыла беришмек.