Бишкектин вице-мэри алмашты

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Мэриянын маалыматына караганда, мэр Эмилбек Абдыкадыров бир күн мурун кол койгон буйрукка ылайык, вице-мэр Попиков Олег Владимирович ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал эми Шамыралиев Жыргалбек Жумадилович Бишкек шаарынын турак жай-коммуналдык чарба боюнча вице-мэри болуп дайындалды, ал буга чейин мэрдин кеңешчиси болгон.