Кара деңиз аркылуу Украинадан дан ташуу убактылуу токтоду

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) делегациясы, Түркия жана Украина Кара деңиз аркылуу 2-ноябрда дан ташууну убактылуу токтотуп турууну макулдашты. Бул тууралуу Стамбулдагы орусиялык, украиналык, түркиялык адистер жана БУУнун өкүлдөрүнөн турган Биргелешкен координациялык борбор кабарлады.

Мунун алдында БУУнун баш катчысынын орун басары Мартин Гриффитс аталган уюм дан ташыган кемелерди кароодон өткөрүүнү улантарын билдирген. Маалыматтарга караганда, 1-ноябрда деңиздин Түркия тарабындагы бөлүгүндө кемелерге 30дан ашык кароо жүргүзүлдү.

Киевдин билдиришинче, Москва украин портторунан азык-түлүк ташууга жол ачкан “дан келишимден” чыккан эки күндүн ичинде гуманитардык коридор аркылуу 17 кеме өттү.

Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган. Июль айында БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген. Андан бери Украинадан жүгөрү, буудай, күн карама, арпа, буурчак жана рапс данынан бир нече миллион тонна кемелерге жүктөлүп, экспорттолду.

Орусия “дан келишиминен” чыкканын 29-октябрда жарыялады жана анын себебин Кара деңиздеги аскердик флотуна караштуу кемелерине чабуул жасалганы менен түшүндүргөн.