Токторбаев: Чыңгыз Айдарбеков убагында Сооронбай Жээнбековго камоолор орой болду деп ошондо айтпайт беле…

Мен тарых үчүн кыргыз элинин, депутаттардын алдында айрым кесиптештерибиз маалыматты бурмалабай, так, ачык айтсын деген тилегимди айткым келет. Мындай пикирин депутат Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Комитеттин жыйынында биздин кесиптешибиз массалык камоолор абдан орой болду, Кыргызстандын тарыхында мындай болгон эмес деп жалган маалымат таратты. Урматтуу кесиптештер, эсиңиздерге салып коёюн. 2019-жылдын 8-9-августунда Сооронбай Жээнбеков кан досун, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колу бутун кайрып, бүткүл дүйнө жүзүнө шерменде кылып камабады беле. Ошол кезде бир жоокерибиз каза болгон.

Ал эми подполковник Самат Курманкулов майып болуп калды. Азыр майыптар арабасында отурат. А бул эмне тарых эмеспи? Ал кезде орой болгон эмеспи? Урматтуу кесиптештер, мен ошол кесиптешибизге айтат элем. Ошол кезде Сооронбай Жээнбековдун этегине намаз окуп, өзүн эмес күчүгүн сиз деп, иниси Асылбек Жээнбекодун портфелин көтөрүп жүрбөдү беле. Ал кезде ошол кесиптешибиз Тышкы иштер министри болуп турган. Эгер патриот болсо камоолор орой болду деп ошондо айтпайт беле”, – деди депутат.

Белгилей кетсек, учурдагы депутат Чыңгыз Айдарбеков 2018-жылдан 2020-жылга чейин тышкы иштер министри кызматын аркалаган.