Айбек Бузурманкулов кыргыз элине кайрылуу жасады

Башаламдык уюштурууга шектелип, 2 айга камалган Айбек Бузурманкулов СИЗО-1ден кат жазды.

“Арыбаңыздар ардактуу кыргыз элим! Ата-бабаларыбыздан мурасталып келе жаткан кыргыз жери биз үчүн ыйык жана кол тийгис. Ал ыйык жерди башка мамлекеттерге берип жиберүүгө жалгыз Президенттин акысы жок. 

Кемпир-Абад 100% кыргыздын жери, ал түбөлүккө кыргыз мамлекетинде калышы керек. Жер маселесине келгенде ар бир кыргыз жараны өз оюн ачык билдириш керек. Мейли саясатчы болобузбу, активист, ишкер, спортсмен, журналист, илимпоз ж.б., ойлорубузду эркин айтуубуз биздин Конституциялык укугубуз.

Ал эми ошол өз оюн эркин айткан кыргыз жарандарын бир жактуу каралап, эл душмандарына айлантуу жеткен – акмакчылык. Түгөнгөн сайын түтөгөн, түп орду менен күчөгөн кыргыз эли камоолордон жана каралоолордон коркпойт, тескерисинче – күчөйт. Кемпир-Абад Коргоо комитетинин да мүчөлөрүнө болуп жаткан куугунтуктар мыйзамсыз жана карандай калп.

Адилетсиз, мыйзамсыз жана жалган саясатын бийлик тезинен токтотуусу керектигин эскертем.

Кемпир-Абадды коргоп калуу ар бир кыргыз жаранынын ыйык милдети!  Кудай буйруса жеңиш эл тарапта болот”, – деп жазган Айбек Бузурманкулов.