Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 млн доллар берет

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 31-октябрда “Кыргызстан менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы кредиттик жана гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карады.

Аталган мыйзам долбоорун Каржы министринин орун басары Руслан Татиков алып чыкты.

Анын айтымында, Азия өнүктүрүү банкы бюджетти колдоо үчүн 50 млн доллар каржылык жардам көрсөтүүдө. Анын 25 млн доллары грант болсо, 25 млн доллары насыя түрүндө болот.

Бул программанын кредиттик бөлүгү 24 жылга берилет, анын 8 жылы 1% жана 1,5% жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат.

Талкууда депутаттар Баткен облусун калыбына келтирүүгө каражат бөлүү зарылдыгын белгилешти. Ага үч миллиард сом бөлүнөт. Талкуунун жыйынтыгында мыйзам долбоорун комитет мүчөлөрү жактырды.