Кийинки кезек кимде? Козголгон кылмыш ишинин материалдарында Жогорку Кеңештин эки депутаты бар

Кылмыш-жаза кодексинин 36, 278-беренеси “Кылмышка даярдануу – массалык баш аламандык уюштуруу” боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдарында Жогорку Кеңештин эки депутаты бар. Бул тууралуу 24.kg агенттигине укук коргоочу Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, бул ишке жалпысынан 28 адам катышып, алардын 23ү СИЗО-1де камакта.

«Бүгүнкү күндө бизде 28 адам боюнча маалымат бар. Журналист Канышай Мамыркулова суракка алынып, бошотулду, Талант Эшалиев үй камагында, Тилекмат Күрөңов (Кудайберген уулу) чет өлкөгө кетти, Мамбетжунус Абыловду учурда кармап кетишти. Активист Марат Баязов экөөнүн баш коргоо чарасын тандай элек. Калган 23 адам СИЗО-1де. Иштин материалдарында депутаттар Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев да бар”, – дейт Азиза Абдирасулова.

Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.

Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, укук коргоочу Рита Карасартова, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев эки айга камалды

Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети 22-октябрда түзүлүп, анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Ошол эле күнү президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде, Кемпир-Абаддагы митингдердин, жөө жүрүштөрдүн артында кимдер турганы боюнча бийликте маалымат бар экенин билдирген.

Камала тургандардын аягы сууй элек.