Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды

Бул туурасында ИИМден Булак.кж басылмасына билдиришти.

2022-жылдын октябрь айынын ортосунда ИИМдин Тергөө кызматына кызмат адамы пара талап кылып жаткан факты боюнча чара көрүү өтүнүчү менен Чүй облусунун тургуну кайрылган. Кара-Балта шаарынын мэриясынын кызматкери жер маселесин чечип берүү жана коммерциялык объекттин оң чечилишине көмөк көрсөтүү максатында бир нече айдан бери 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылган.


Бул факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүнүн (Опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмыш иш козголгон. Кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.


Бир күн мурда Кара-Балта шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын уюшкан кылмыштуу топторду мыйзамсыз каржылоого бөгөт коюу боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери кылмышка шектүү 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен кармашты. Кармалган жаран Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүмдөрүнүн биринин башчысы болуп иштеп келген. Кармалган жаран К.Т. Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда пара талап кылуу фактысы иликтенүүдө. Соттун чечими менен кармалган жаранга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды.

ИИМдин Басма сөз кызматы

WhatsApp Image 2022 10 27 at 12.46.37 Кара-Балта шаарынын мэриясынын бөлүм башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды
YouTube video