КМШ өлкөлөрү качкын коррупционерлерди өткөрүп берүүгө макулдашышты

КМШ өлкөлөрү качкын коррупционерлерди өткөрүп берүүгө макулдашышканын Sputnik Казакстан кабарлады.

Эми мамлекеттер коррупциялык иштерди иликтөөдө бири-бирине жардам берип турат. Мындай макулдашууга 14-октябрда Астанада өткөн өлкө башчыларынын саммитинде кол коюлган. Казакстандын Антикоррупциялык кызматынын маалыматы боюнча, документтин бир пунктунда качкын коррупционерлерди өткөрүп берүү да каралган.

Мындан тышкары, коррупция менен күрөшүү багытында маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, антикоррупциялык мониторингдин жыйынтыгы менен алмашып, кадрлардын кесипкөйлүгүн арттыруу мерчемделип жатат.

Аталган маселелер Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык кеңештин кечээки жыйынында талкууланган, ага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан мүчө.

Документ 2008-жылы эле иштелип чыккан, бирок толук жакында эле даяр болду.