Бишкек мэриясы жер мунапысын алууга укугу бар жарандардын тизмесин жарыялады

Бишкек мэриясынын Жеке турак жай куруу жана шаар курулушу департаменти жер амнистиясына кирген объекттерге арыздарды кабыл алуу иштерин улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө документтердин толук тапшырган жарандардын тизмелери белгилүү болду:

Свердлов району;
Биринчи май району;
Ленин району;
Октябрь району.

Эскерте кетсек, Бишкекте жарандардын мүлктүк укуктарын мамлекет тарабынан камсыз кылуу максатында жер амнистиясын ишке ашырууну жөнгө салуучу “Жер жана укук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, мунапыс объектилерине арыздарды кабыл алуу улантылып жатат.

Арызды тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

– арыз ээсинин – жеке жактын өздүгүн ырастоочу документтеринин көчүрмөсү же юридикалык жактын каттоосу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
– жер участогуна укук белгилөөчү документтердин көчүрмөсү (бар болсо);
– техникалык паспорттун көчүрмөлөрү;
– нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн өкүлдөрдүн ишеним каты;
– объектти сатып алуу фактысын ырастоочу документтер (бар болсо) (жерге мунапыс объектисин сатып алууну ырастоочу документтер же тиешелүү дүмүрчөктөр, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдүн дүмүрчөктөрү, жер салыгын төлөгөндүгү жөнүндө дүмүрчөктөр, ишеним каттар жана башка тиешелүү документтер);
– калктуу конуштардагы жер участокторуна чектеш жерди пайдалануучулардын жазуу жүзүндөгү макулдугу.

Өз кезегинде, документтерди тапшыруу үчүн Туңгуч кичирайону, 57 дарегинде жайгашкан Жеке турак жай курулушу жана шаар куруу департаментине күн сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылууга болот.