Исмаилов Мадумаровду сындаганы боюнча комментарий берди

Жогорку Кеңештин 26-октябрындагы жалпы жыйынында, депутат Фархат Исмаилов, кесиптеши Адахан Мадумаровду «ар бир иштен өзүн пиар кылат»,- деп сындаган. Ал Мадумаровго динди билем дегени менен чындыгында динди билбей тургандыгын белгилеген.

Ошондой эле ал динден мисал келтирди.

«Кимде-ким өлкө башчысына каршы сүйлөй турган болсо, ал күндү карап таш урган менен барабар. Ал таш сиздин өзүңүздүн башыңызга тийиши мүмкүн. Мамлекетте 30 жылда азыркы өлкө башчысындай эч ким иш алып барган эмес.

Сиз өлкөгө бир кирпич алып келген эмессиз. Азыр сизге тең келе турган бул жерде жигит мүнөз адамдар аз. Сизге бир гана аял киши тең келбесе, сиз бул жерде жөн жерден пиар иштеп, дүрбөлөң кылбаңыз», — деген ал.

Жыйында айткан сөзү тууралуу Фархат Исмаилов журналисттерге айтып берди. Анын билдиришинче 30 жыл ичинде аткарылбай келе жаткан иштер учурдагы президенттин убагында ишке ашып келе жатат. Ошого «бир гана сын көз карашта болбостон, колдоп турсак» деген максатта айтканын билдирди.