Бишкек шаардык сотунун жанында депутат Адахан Мадумаровдун тарапташтары митингге чыгышты

Бишкекте шаардык соттун имаратынын жанында Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду колдоо митинги өтүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн экинчи инстанция адвокаттын баш коргоо чарасы боюнча арызын карайт.

Митингдин катышуучулары эл өкүлүн бошотууну талап кылышууда. Мекендин чыккынчысы эмес, болушу да мүмкүн эмес деп кыйкырып жатышат.

Эске сала кетсек, Адахан Мадумаровго КР Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекетке чыккынчылык” беренеси боюнча айып тагылган.

2-сентябрда ал кармалып, соттун чечими менен УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.