«Эсимде» тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгына көрсөтүлдү

Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгына (APSA) көрсөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти.

Аталган тасма «Мыкты тасма», «Мыкты сценарий» жана «Мыкты аткарылган роль» номинацияларына көрсөтүлгөн. Сыйлык тапшыруу аземи 11-ноябрда Австралиянын Голд-Кост шаарында өтөт.

APSA сыйлыгы 2007-жылы түзүлүп, эл аралык сыйлыктар арасында жылдан-жылга кадыр-барктуу болуп келет. Ал кинематография дүйнөсүндө «Азия Оскары» деп айтылат.

Белгилей  кетсек, Актан Арым Кубаттын «Эсимде» тасмасынын бет ачары 17-ноябрда өтөт.

«Эсимде» тасмасы Азия-Тынч океан киноакадемиясынын сыйлыгына көрсөтүлдү