Ысык-Көлдүн милиция кызматкери эне тилине арналган ыр сынагында алдыңкы орунга ээ болду

Мамлекеттик тилге жана чыгаан жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун 110 жылдыгына карата Ысык-Көл облусунун ардагерлер кеңеши тарабынан уюштурулган сынакка элүүдөн ашык катышуучу катышты.


Калыстар тобу сынактын катышуучуларынын чыгармаларынын мазмунуна гана эмес, чеберчилигине да баа беришти. Эң мыкты даярдыкты жана чыгармаларды көркөм аткарууну көрсөткөндөр байгелүү орундарга ээ болушту. Сынакта ар кандай номинациялар боюнча үч баш байге ойнотулуп, алардын бирин Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасынын 1-взводунун кызматкери, милициянын ага сержанты Нурзат Айсаракунова утуп алды.

WhatsApp Image 2022 10 26 at 12.06.41 1 Ысык-Көлдүн милиция кызматкери эне тилине арналган ыр сынагында алдыңкы орунга ээ болду


Нурзат бала кезинен бери Түгөлбай Сыдыкбековдун чыгармаларын окуп келет. “Бирок, жаш өткөн сайын, канчалык көп турмуштук тажрыйбаны топтогон сайын, мен атактуу кыргыз жазуучусунун терең ой жүгүртүүсүн ошончолук айкын түшүнө баштадым. Т.Сыдыкбековдун чыгармаларын окуп, мен ар дайым өзүмдүн айланамдагы жана ички дүйнөмдөгү жаңы ааламды ачам. Сынакта болсо “Тилдин баалуулугу”, “Эне тилим – түгөнбөс байлыгым” деген өзүмдүн ырларымды аткардым”,-дейт ал.
Нурзат Айсаракунова ички иштер органдарында 2019-жылдан бери кызмат өтөп келет. Алдыга коюлган милдеттерге ылайык жана өз компетенциясынын чегинде Каракол шаарындагы “Ак-Тилек” базарынын аймагында коомдук тартипти сактоону камсыздайт.


“Милициянын кайгуул-күзөт кызматында романтика аздык кылат. Өзүңүздөр баамдасаңыздар, биздин курамдын кызматкери башкаларга караганда коомдун ар кандай өкүлдөрү менен көп баарлашууга туура келет. Уруш-талаштар, тоноо, бычактоо – бул биздин “жумушчу” кырдаалдардын күнүмдүк көрүнүшү. Балким, ушундан улам милициянын кайгуул-күзөт кызматы аялдар үчүн эмес деп эсептешет. Бирок, өзүңүздөр билесиздер, бөтөнчө эрежелер жок”, – деп белгилейт Нурзат биз менен болгон маегинде.


Кесиптештери курамда кыздын пайда болгонуна абдан кубанды деп айтууга болбойт. Башында, мамилеси сак болчу. Анткени, адатта кызматка келгенде, аялдар өздөрүнүн “алсыздыгын” баса белгилөөгө умтулуп, кээде аны өтө жоопту болгон жагдайларда көрсөтүшкөн. Андыктан, аялдарга милициянын кайгуул-күзөт кызматында орун жок деген пикир, жигиттер арасында бекем турукташа баштаган. Мындай пикирге, Нурзат дагы бир эмес, бир нече жолу кабылган. Бирок убакыт өттү. Жаңы кызматкер кызматта өзүн көрсөтө алды. Кызматында эң жалындуу скептиктерди кыйынчылыктан куткарууга үлгүрдү. Ушунусу менен Нурзат кесиптештеринин урмат-сыйына ээ болду. Бүгүнкү күндө кесиптештерине боорукер болуп, биринчи чакырууда жардамга келүүгө дайым даяр.


Нурзаттын айтымында, интуиция жана чыдамкайлык, ушул эки сапат, аялга кайгуул кызматтагы милдеттерди эркектерден кем эмес, кээде андан да жакшы аткарууга түрткү болот. Анткени, эркектер кескин принцип боюнча аракеттенет: келдим, көрдүм, жеңдим. Бирок, кээде аялдардын турмуштук тапкычтыгы керек болот. Дээрлик кандай абал болбосун, канчалык кыйын болуп көрүнбөсүн, атайын каражаттарды жана күчтү колдонбостон, өз ара сүйлөшүү аркылуу чыр-чатакты чечүүнүн жолун тапса болот.


“Менин хоббилеримдин бири поэзия. Мурда чыгаан акындардын ырлар жыйнагын күнү-түнү окучумун, кээде өзүм да ыр жазып чыгарчуумун. Азыр милиция кызматына киргенден кийин, сүйүктүү хоббим менен алектенүү сейрек болуп жатат. Кантсе да, мен кесиптештеримдин жана элимдин, милиция мезгилдин кайсыл убактысы болбосун, кылмыштуу кол салуулардан коргой алат деген ишеничин акташым керек. Бирок, бош убакыт боло калганда эле, ырларымдын сөздөрүн түшүрүүгө аракет кылам. Чынын айтсам, милициянын кайгуул-күзөт кызматында иштегеним бул жагынан мага чоң жардам берет. Себеби, адамдын тагдыры кандай бурулуп кетээрин ушул жерден көрдүм”, – деп жыйынтыктады Нурзат Айсаракунова.

Ысык-Көл ОИИБдин Басма сөз кызматы