Кочкор РИИБде окуучулар үчүн “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү

Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2022-жылдын 21-октябрь күнү Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Кочкор районундагы орто мектептеринин окуучуларынын арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу жана жаш өспүрүмдөрдүн мекенге болгон патриоттуулугун ойготуу максатында, Кочкор РИИБде “Ачык эшик” аталышындагы иш-чарасын өткөрдү.

Иш чарада Кочкор РИИБдин жетекчилиги жана бардык тармактык кызматкерлер окуучуларга өздөрүнүн иш алып баруусу боюнча маалымат беришип, кеңири баарлашуу жүргүзүлүп, ар бири иш бөлмөлөрү менен тааныштырып өтүштү.

Жыйынтыгында окуучулар милиция кызматкерлеринин иши түмөн түйшүктүү экендигин сезе билишип, ошо менен бирге эле патриоттуулукка умтулушту.

WhatsApp Image 2022 10 22 at 07.50.53 2 Кочкор РИИБде окуучулар үчүн "Ачык эшик күнү" өткөрүлдү
WhatsApp Image 2022 10 22 at 07.50.54 Кочкор РИИБде окуучулар үчүн "Ачык эшик күнү" өткөрүлдү
WhatsApp Image 2022 10 22 at 07.50.54 1 Кочкор РИИБде окуучулар үчүн "Ачык эшик күнү" өткөрүлдү
Кочкор