25-октябрда Күн тутулат

Үстүбүздөгү жылдын 25-октябрында жердин тургундары кызыктуу астрономиялык кубулуштардын бирин – Күндүн жарым-жартылай тутулушун байкай алышат. Бул тууралуу Өзбекстан Илимдер академиясынын Мирзо Улугбек атындагы астрономия институту билдирди.

Тутулуунун жалпы фазасында Күндүн бетинин дээрлик 82%ы тосулуп калганы белгиленген. Күн тутулуунун жалпы узактыгы 4 сааттан ашык болсо, анын 2 сааттан ашык бөлүгү Өзбекстанда байкалууда.

Бул астрономиялык кубулушту Исландия менен Гренландиянын, Африканын түндүк-чыгышынын, Европанын, Жакынкы Чыгыштын, Батыш Сибирдин жана Борбордук Азиянын тургундары байкай алышат.

Күндүн жарым-жартылай тутулуусу Өзбекстан Республикасынын бардык аймактарында дээрлик бирдей чоң фазада байкалат. Максималдуу фазада Күндүн бетинин 68 пайызына чейинки бөлүгү Ай тарабынан тосулуп калат. Күндүн батышына байланыштуу кээ бир аймактарда тутулуунун жалпы узактыгы чындыгында кыскараак болот.

Өзбекстандын жашоочулары күндүн тутулушун төмөнкү графиктин негизинде байкай алышат.