Парламенттин эки депутаты Акылбек Жапаровдун ишин сындады

Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акылбек Түмөнбаев жана Камила Талиева министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун ишин сынга алышты.

Депутат Акылбек Түмөнбаевдин айтымында, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана төрага Акылбек Жапаров слайд-шоу көрсөтүштү.

«Бүгүнкү күндө канча мектеп, канча үй талкаланды, канча акча коротулду, силер билбейсиңер. Бул жакка силерди ар бир депутатка так маалымат айтсын деп чакырдык. Министр да, министрлер кабинетинин башчысы да билбейт, жооп бере алышпайт. Урматтуу төрага, сиз ар бир депутатты колдошуңуз керек. Чыңгыз Ажыбаев мектеп тууралуу сурады. Ал жакка өзү барып көрсүн деп жатасыз.

Депутат курулушта да, жолдо да болбошу керек. Ал сизге элдин көйгөйүн жеткириши керек. Сиз дагы 5 жолу депутат болгонсуз. Айткыла, канча үй курулуп жатат, канча каражат сарпталат, канчасы жетишпей жатат, так маалымат бергиле», — деди Түмөнбаев.

Ошондой эле, депутат Камила Талиева Акылбек Жапаров  чек ара чыры болгондон кийин Баткенге 10 күндөн кийин барганына нааразы болду.

“Мен силердин ушунчалык кайдыгер экениңизге таң калдым”, – деди ал Жапаровго кайрылып.

«Акылбек Үсөнбекович, сиздин жообуңузга таң калдым. Чырдын чыгышына эл күнөөлүүбү? Канча бала бакча, мектеп иштебейт, министр буларды жатка билиши керек. Мен өзүм айта алам, бирок эмне үчүн алар билишпейт?», — деди Талиева.

Депутат Талиева Баткен облусуна каралган 500 миллион сомдун 1 сому да пайдаланылган эмес деп эсептейт. Ал Баткен облусунун статусу жөнүндө мыйзамды кароону сунуштады.

“Кыш келе жатат, элге кыйын болду. Чындыгында ал жерде эч кандай иш баштала элек, борбордук аянтта 16 үйгө траншея казылган. Социалдык объектилер, айыл өкмөттөр турат, ҮДТлар турат. Өкмөттүн бүгүнкү отчету нөлгө барабар. Өкмөт мындай отчет менен келбеши керек», — деди депутат Талиева.