“Мал уурулук” рейдинин жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран кармалды

Ноокат районунда кармалды деп билдиришти Ош ОИИБдин Басма сөз кызматынан.


2022-жылдын 14-октябрь күнү Ноокат РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Ноокат районунун аймагында мал жандыктарды уурдап, аларды сатып жиберген жеринен Ноокат районунун тургуну 28 жаштагы А.Э., кармалды.


Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 205-берененин (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.
2022-жылдын 4-октябрь күнү Ноокат РИИБге арыз менен Ноокат районунун жашоочулары 61 жаштагы Х.Э., 55 жаштагы А.Э., 63 жаштагы Р.С., жана 62 жаштагы А.Д., аттуу жарандар кайрылышкан. Анда: өздөрүнө таандык мал жандыктарын белгисиз жарандар жайыттан уурдап кеткендигин билдиришкен.
Натыйжада жалпы болуп 470 000 (төрт жүз жетимиш миң ) сом зыян келтирилген.


Бүгүнкү күндө кылмышка шектүү жаран Ноокат РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, шектүүлөр мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендиги текшерилүүдө.
Ош облусунун аймагында 2022-жылдын 18-октябрга чейин “Мал уурулук” рейди өткөрүлүүдө.

WhatsApp Image 2022 10 18 at 09.40.06 2 “Мал уурулук” рейдинин жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран кармалды
WhatsApp Image 2022 10 18 at 09.40.06 1 “Мал уурулук” рейдинин жүрүшүндө кылмышка шектүү жаран кармалды