Шайыргүл Касымалиева театр сахнасы менен коштошту

КР эмгек сиңирген артисти, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына 32 жылдык өмүрүн арнаган кайталангыс талант Шайыргүл Касымалиева сахна менен коштошуу кечесин өткөрдү. Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты.


Шайыргүл Зарлыковна 1985-1989-жылдары Москвадагы М.С.Щепкин атындагы театралдык окуу жайда билим алган. 1990-жылы Улуттук театрдын астанасын аттап кирип, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келген. Актриса чыгармачылык жолунда ондогон кайталангыс образдарды жаратып, академиялык театрдын репертурандагы спектаклдердин көркүн ачып келген.


Коштошуу кечесине театрдын жамааты катышып, Шайыргүл Касмалиеванын кыргыз театр сахнасына берейин деген көрөңгөсү али көп экенин айтышып, актрисанын чечимине ичтери тызылдаганын жашырышкан жок. Алар кесиптешинин мындан аркы чыгармачылыгына даңгыр жол каалашты.

312024959 1197636150784850 4602864582724159251 n 1024x683 1 Шайыргүл Касымалиева театр сахнасы менен коштошту
312059222 1197635640784901 7607946365878781008 n 1024x683 1 Шайыргүл Касымалиева театр сахнасы менен коштошту
312046731 1197635190784946 5973845095901592195 n 1024x683 1 Шайыргүл Касымалиева театр сахнасы менен коштошту
312084390 1197636084118190 3559528632185738713 n 1024x683 1 Шайыргүл Касымалиева театр сахнасы менен коштошту