Садыр Жапаровдун Астанадагы саммитте сүйлөгөн сөзү

«АӨИЧКнын алкагында кыргыз тарап МКТнын коопсуздугу жана аларды пайдалануу жаатындагы кызматташуу боюнча лидерлердин Декларациясынын жоболорун практикалык ишке ашырууга даяр», деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-октябрда, Астана шаарындагы (Казакстан Республикасы) Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге (АӨИЧК) мүчө мамлекеттердин VI саммитинде. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өз сөзүндө Мамлекет башчысы технологиялык прогресс санариптик коммуникациянын жаңы чөйрөсүн түзгөнүн, ал кызматташуу жана өз ара аракеттенүү үчүн гана эмес, маалымат чөйрөсүндөгү жаңы коркунучтардын да талаасы болуп калганын белгиледи.

Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонуу менен жасалган мыйзамсыз аракеттердин түрлөрү кеңейип, дүйнөлүк жана трансулуттук деңгээлге чыгууда.

«Мындай шарттарда аларга каршы күрөшүү үчүн жалпы күч-аракет жана кеңири кызматташтык керек. Бул контекстте Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү МКТнын олуттуу ролун белгилеп, БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына шайкеш келген программаларды ишке ашырып жатканын баса белгилегим келет.

АӨИЧКнын алкагында кыргыз тарап МКТнын коопсуздугу жана аларды пайдалануу жаатындагы кызматташуу боюнча лидерлердин Декларациясынын жоболорун практикалык ишке ашырууга даяр.

Биз ошондой эле БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясын ишке ашыруу боюнча АӨИЧКнын иш-аракеттер планын ишке ашыруу боюнча жигердүү иштерди жүргүзүүгө умтулабыз.

Биздин өлкө терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүүнү улантууда, БУУнун Глобалдык антитеррордук стратегиясынын жоболорун, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин Терроризмге каршы комитетинин Аткаруучу дирекциясынын сунуштарын аткарууда. Кыргызстанда террористтик кыймылдарга эл аралык байкоо жүргүзүү үчүн жүргүнчүлөрдү алдын ала маалымдоо жана жүргүнчүлөрдү каттоо маалыматтары системасы ишке ашырылган», — деди Жапаров