Депутат Надира Нарматова Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду

Буга чейин Тикток тиркемесин жабылуу демилгесин көтөрөп чыккан депутат Кыргызстандагы өч эркин медианын жабылышы боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылды:

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Биз, өлкөбүздүн келечегине кайдыгер карабаган, өмүр жолубузда мамлекетибиздин түптөлүшүнө өз салымыбызды кошуп келген жарандар, акыркы кезде өтө курч болуп жаткан маселе боюнча сизге кайрылуубузга туура келди.

Кыргызстаныбыздын башына учурда дагы бир топ оор сыноолор түштү. Эгемендүүлүктүн 30 жылында үйүлүп калган маселелерди чечүү вазийпасы мына бүгүн сиздин президенттигиңиздин тушуна туура келип жатат. Алардын эң орчундуулары: сырткы карыздарды төлөө, кошуна мамлекеттер менен чек ара көйгөйүн чечүү, өлкө ичиндеги социалдык-экономикалык багыттагы оор маселелер.

Ачыгын айтканда, биздин алдыбызда азыр эң башкы максат – бул Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн сактап калуу болууда. Сырткы күчтөрдүн айдактамасы менен төңкөрүштөр болуп келди, бирок андан кыргыз эли жыргап кеткен жок. Мына, азыр да ошол эле сырттан каржыланып жаткан бейөкмөт уюмдар, массалык маалымат каражаттары, жеке саясатчылар ички ынтымакты ыдыратуу менен алек болушууда. Алар кандай маселе болбосун уюша калышып, тополоң салууга каныгып калышты. Мына ушулардын маалыматтык рупору катары бүгүнкү күндө “Азаттык” үналгысы, “Кактус-медиа”, “Клооп” медиа-каражаттары кызмат кылып жатышат.

Аталган маалымат каражаттары жалпы коомчулуктун, мекенчил жарандарыбыздын кыжырына тийип, тескери маалымат таркатуу менен алек болушууда. Элдин чыдамы түгөндү.

Биринчиден, “Азаттык” үналгысы коомдук-саясий кырдалды курчутууда чоң роль ойнойт. Кандай болгон күндө да биз кыргыз элинин кызыкчылыктарын көздөшүбүз керек, а бул радионун бир жакшы маанайда жаңылык чыгарышканын көрбөдүк. Бизде ызы-чуу, тополоң болуп турушун каалашат, анткени, демөөрчүлөрдүн буйрутмасы ошондой.

“Азаттык” мунусу аз келгенсип, жакындан бери Ош шаарына филиалын ачууга ниеттенүүдө. Бул фактыга жергиликтүү эл каршы. Анткени, аталган үналгы – 2010-жылдагы Ош коогалаңын теңирден тескери чагылдырган.

Азыркы тапта “Азаттыктын” башкы максаттарынын бири – Россияга карата угуучу-көрөрмандын жек көрүү сезимдерин ойготуу болууда. Бул – Кыргызстандын расмий бийлигинин позициясына каршы келген көрүнүш.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды дагы объективдүү чагылдырышкан жок. Бул чырды чагылдырууда басым негизинен кыргыз тарапты каралоого жасалды.

Экинчиден, “Кактус-медиа” боюнча. Бул маалымат каражаты дагы чет өлкөнүн гранты менен иштеп келе жатат. Провокациялык мазмундагы материалдарга басым жасашат. Текшерилбеген материалдарды сенсациялык аталыштар менен чыгарып, элдин бүйүрүн кызытышат. Чек ара жаңжалында Кыргызстанды агрессор катары көрсөтүү аракети байкалып, жүздөгөн адамдар офисине чейин барып, материалдарды өчүрткөн. Ошого карабастан, чагымчыл, коомдук туруктуулукту бузуу маанайында иштерин улантып келет.

 Үчүнчүдөн, “Клооп-медиа” тууралуу. Чет жактан каржыланган бул мекеменин башкы максаты – кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын жокко чыгаруу, басынтуу, намысыбызды тебелөө экени көрүнүп турат. Бул ресурс ЛБГТ-коомчулуктун, феминисттик кыймылдардын маалыматтык рупору болуп эсептелет.

Урматтуу Садыр Нургожоевич!

Биз өйдө жакта аталган маалымат каражаттарынын кыргыз элине жасап келе жаткан чыккынчылыгы жөнүндө элге белгилүү гана фактыларын жаздык. А чынында, ишмердүүлүгүн иликтөөгө алууга тапшырма берсеңиз – өтө коркунучтуу фактылар чыгат. Бул – Кыргыз мамлекеттүүлүгүн талкалоого багытталган иш! Мисалы, эмнеге “Азаттык” үналгысына окшогон медиа-каражаттары анын демөөрчү өлкөсүндө иш алып барбайт? Себеби, өздөрүнө мындай чоң көйгөйдүн кереги жок. Алар жеке гегемониялык арам максаттарын ишке ашыруу үчүн да “Азаттык” сыяктуу медиа-уюмдардан миллиондорду аянбай, каржылап келишет. Булардын максаты – Кыргызстан ар дайым ою бузук державалардын алдында тизелеп турушу керек. Бирок, буларга мындай укукту ким берди? Кыргыз эли эч качан берген эмес! Ошондуктан, урматтуу Садыр Нургожоевич, “Азаттык”, “Кактус-медиа”, “Клооп” сыяктуу медиа-каражаттарына эшикти жабууга учур келди. Бул коомчулуктун талабы! Кыргызстаныбызды чөгөлөткүсү келген чет элдик маалымат каражаттары Кыргызстандан кетсин! Биздин кайрылуубузга тийешелүү чечим кабыл аларынызга ишенебиз! Кыргызстандын мамлекеттүүлүгү, элибиздин ынтымагы баарынан бийик!