Парламентте Кемпир-Абад боюнча комиссия түзүү сунушталды

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова Кемпир-Абад боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

«Кемпир-Абад боюнча кайчы пикирлер көп болуп жатат. Менин оюмча, мамлекет тарабынан маалымат каражаттары элге түшүндүрүү иштерин катуу жүргүзсө же депутаттык комиссия түзүп жерине барып келсек. Себеби парламентте деле жарымы колдоп, жарымы каршы чыгып жатат. Өз көзүбүз менен көргөндөн кийин гана элге түшүндүрүү иштери боюнча жардам берсек», — деди Мажитова.