Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды

????????????????????????????????????

Бишкекте Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз-Азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду.

Сейил бактын ачылыш аземине президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев катышты.

kovv5062 Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, Садыр Жапаров коноктор менен учурашып, бүгүнкү иш-чара – “Кыргызстан-Азербайжан” достук сейил багынын ачылышы эки өлкөнүн достук мамилелеринин жана эки бир тууган элдин тарыхый байланыштарынын саясий, экономикалык эле эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкта да чыңдалгандыгынын ачык жана айкын далили экенин белгиледи.

“Бул сейил бак байыртадан келе жаткан карым-катнаштарга, терең тарыхый, руханий жана адеп-ахлактык тамырларга, баалуулуктарга жана салттарга ээ болгон өлкөлөрүбүздүн ортосундагы бекем достуктун жана бир туугандыктын символу болуп саналат.

Бул биз заманбап кыргыз-азербайжан мамилелерин куруп жаткан бекем пайдубал”, — деди ал.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелер активдешип, стратегиялык өнөктөштүктүн таптакыр жаңы деңгээлине чыкканына көңүл бурду.

“Бул көбүнесе Азербайжан Республикасынын Президенти, урматтуу Ильхам Гейдарович Алиевдин жеке көңүл буруусуна жана колдоосуна байланыштуу!”, — деди ал жана Азербайжандын лидеринин улуттук баалуулуктарды камсыз кылууга жана коргоого, дүйнөлүк коомчулуктун алдында анын эл аралык беделин чыңдоо багытталган көп кырдуу жаратман ишмердүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

bek 8872 Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды
bek 8663 Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды
kov6802 Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды
bek 8590 Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды
????????????????????????????????????

“Сиздин жеке көңүлүңүз жана Кыргызстан менен бардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүгө умтулууңуз биздин өлкөдө урмат-сыйга жана колдоого ээ болду”, — деп кошумчалады президент.