Төрт депутат Бишкек шаарынын ардактуу жараны болду

2021-жылга “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын жети адам алды. Бул тууралуу шаардык кеңештин токтомунда айтылат.

Документке ылайык, БМКнын үч чакырылыштагы төрт депутаты – Рысбай Аматов, Саидахмат Исмаилов, Таалайбек Сариев жана Казыбек Эргешовго наам ыйгарылды.

Башка сыйлык алгандардын арасында КРнын байланышка эмгек сиңирген ишмери Буркан Жумабаев, КР эмгек сиңирген дарыгери, Бишкек шаарынын башкы отоларингологу Нимат Малаев жана КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, К.Карасаев атындагы БМУнун ректору Абдулда Мусаев бар.

Мэрия бир айлык мөөнөттө бул адамдарга көрсөтүү үчүн Бишкек шаарынын ардактуу атуулунун белгилерин, каттарын жана күбөлүктөрүн даярдоону камсыз кылууга милдеттүү.

Эске салсак, шаардык кеңештин аппараты өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргызстандын борбор калаасынын ардактуу атуулу наамынан ажыратуу механизмин иштеп чыгуу маселесин иштеп чыгууда.