Икрамов Бекназаров боюнча: “Баласы атасынын айткан сөзү, кылган жумушу үчүн эч качан жооп бербейт”

Бүгүн, 12-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Свердлов районунун акиминин орун басары Руслан Бекназаровдун камакка алынышы боюнча оюн билдирип, уул атасынын айткандары үчүн жооп бербеши керектигин билдирди.

Жыйында Икрамов президент менен министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Абытовго кайрылды.

«Бүгүнкү күнү Руслан Бекназаровдун балдары социалдык тармактарда кайрылуу жасап жатат. Эл кайрылуу кылды. Баласы атасынын айткан сөзү, кылган жумушу үчүн эч качан жооп бербейт. Бүгүнкү күнү Руслан Бекназаровго коюлуп жаткан доо туура эмес. Бул жигитти жакшы билебиз. Ошондуктан акыйкат чечип берсеңер деп айтар элем», — де ал

Эскерте кетсек, Бекназаров социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелүүдө. Ал 14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган.

Руслан Бекназаров — саясатчы Азимбек Бекназаровдун уулу. Азимбек Бекназаров уулунун кармалышын өзүнүн азыркы бийликке айткан сындары менен байланыштырып, ага эскертүү катарында жасалган иш-аракет катары көрөрүн билдирген.