Бүгүн, 7-октябрда «Достук – унаа жолу» чек ара бекетинде Кыргызстандын жарандарынын Өзбекстанга чыгышына чектөө киргизилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, «Достук – унаа жолу» бекетинде капиталдык курулуш аяктап, имараттарда оңдоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан Кыргызстандан чыгыш жерде паспорттук көзөмөл боюнча 4 терезе иштөөдө. Ага байланыштуу чек арадан өтүп жаткан жарандар менен унаалардын тыгыны жаралышы мүмкүн.
«Достук – унаа жолу» өткөрмө бекети бир күн бою чектөө менен иштейт. Чек ара кызматы жарандардан түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен кароону жана бар турган жолун алдын ала пландоону суранат», — деп айтылат маалыматта.